Бишкекте «Ырыс-Ордо» мамлекеттик конгресс борбору ачылды
Президент Садыр Жапаров Бишкекте жаңы «Ырыс-Ордо» мамлекеттик конгресс борборунун ачылышына катышты. Борбордун жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашат жана бир убакта 2 миңден ашык конокту кабыл алууга ылайыкталган.

Комплексте 1 238 орундуу «Курултай» конференц-залы, 1 000 орундуу банкеттик зал, 235 орундуу пресс-зал жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар үчүн атайын залдар бар. Мындан тышкары, расмий делегациялар үчүн 8 конок үй курулган.
Борбордо Элдик Курултайдын жыйындарын, мамлекет башчыларынын жолугушууларын, эл аралык форумдарды жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Садыр Жапаров бул жерде ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ жана Түрк мамлекеттер уюму сыяктуу эл аралык түзүмдөрдүн саммиттери өтүшү мүмкүн экенин белгиледи.
«Ырыс-Ордо» да, «Бишкек Арена» стадиону да толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулган.
Президент өлкө үчүн маанилүү маселелерде саясий көз караштарга карабай биримдикти сактоого чакырып: «Ынтымагы бекем, руху бийик, жаркын келечегине ишенген ырыстуу өлкөнү бирге куралы», — деди.


