USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чолпон-Атадагы ипподром капиталдык оңдоодон кийин кандай өзгөрдү?

15:47, 24 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Атада ипподромдо капиталдык оңдоо жана көрктөндүрүү иштери аяктады.

Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, жумуштар 2026-жылы башталган. Долбоордун алкагында VIP-зона, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик имараттар, жер төлө бөлүгү жана унаа токтотуучу жай жаңыртылды. Ошондой эле инженердик тармактар оңдолуп, аймак көрктөндүрүлдү.

Трибуналардагы керамогранит каптамасы жана отургучтар, ал эми башкы кире бериштеги гранит плиталары алмаштырылды. Мындан тышкары, чатыр менен брусчатка жаңыртылып, тосмолор жана дубалдар сырдалды, суу түтүктөрү менен санитардык түйүндөр алмаштырылды.

Аймактагы фонтандар дагы оңдолуп, канализация түтүктөрү тазаланды, витраж айнектери жана трибуналар иретке келтирилди.

Жумуштар республикалык бюджеттен каржыланганы кабарланды. Министрликтен оңдоп-түзөөнүн наркын айтышкан жок.

Учурда ипподромдо 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар уланууда: сахна орнотулуп, башка монтаждык жана уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Чолпон-Атадагы ипподром 1930-жылдары курулган. Ал 2014-жылы биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында оңдолуп, ал эми 2018-жылы толугу менен жаңыртылган. Комплекс 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18