«Кыргызалтын» жарым жылда 2025-жылга караганда көп киреше тапты
«Кыргызалтын» ААКнын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча таза пайдасы 33 миллиард сомду түздү. Бул компаниянын бүтүндөй 2025-жыл ичинде тапкан кирешесинен 1,8 эсеге көп.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтындын» таза пайдасы 18,7 миллиард сомду түзгөн. Ошентип, 2026-жылдын алгачкы алты айында эле компания мурунку жылга караганда 14,3 миллиард сомго көп киреше алды.
Компанияда белгилешкендей, биринчи жарым жылдыктын көрсөткүчү 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе жогору.
«Кыргызалтындагы» пайданын өсүшүн иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялык ишмердүүлүктү кеңейтүү менен байланыштырышат.
Жакынкы үч жылда компания жалпы баасы 1 миллиард доллардан ашкан долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Алардын катарында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талды-Булак жана Андаш кендерин өздөштүрүү бар.