USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда Түштүк Кореяда иштөөнү каалагандарды онлайн каттоо башталды

13:13, 24 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда Түштүк Кореяда иштөөнү каалагандарды онлайн каттоо башталды. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 2026-жылга корей тили боюнча тестирлөөгө онлайн каттоо ачылды. EPS программасынан ийгиликтүү өтүү кыргызстандыктарга Кореяда жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берет.

Жарандар корей тили боюнча билимин жана кесиптик көндүмдөрүн текшерүүдөн өтүшү керек. Андан соң талапкерлер жумуш издөөчүлөрдүн реестрине киргизилип, ал жактан иш берүүчүлөр кызматкерлерди тандап алышат.

Катталуу үчүн Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун расмий migrant.kg сайтына кирип, документтерди электрондук түрдө тапшыруу зарыл.

Бардык документтер так жана жакшы окула тургандай болушу керек. Төлөм тууралуу дүмүрчөктү сактап, тестирлөө күнү көрсөтүү зарыл. Арызды бир гана жолу тапшырууга болот — кайталанма сурамдардын баары жокко чыгарылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18