Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары −2026: Курама команданын формасы даяр болду
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын намысын коргой турган улуттук курама команданын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду.
Дизайндын автору ата мекендик дизайнер Толгонай Байра болду.
«Бул форманын ар бир сызыгында муундардын эскерүүсү, мурастын жаңырыгы жана алга жетелеген Саманчынын жолунун элеси жашайт. Ал спортчуларыбызга күч-бат, ишеним жана жеңишке болгон эрк тартууласын. Сиздер менен бирге бүткүл Кыргызстан алга умтулат! Алга, Кыргызстан!» — деп жазды ал.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Ачылыш аземи 31-августта Бишкекте өтсө, негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда уюштурулат.
