Боом капчыгайында жана Нарында эки жол кырсыгы катталып, 13 адам жабыркады
Боом капчыгайындагы жана Нарын облусундагы эки жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 13 адам ооруканага жеткирилди.
Милициянын маалыматы боюнча, 23-августта Боом капчыгайында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге кокусунан чыгып кеткен Audi унаасы менен кагылышуудан качууга аракет кылып, каршы тилкедеги Hyundai Sonata менен сүзүшкөн. Жабыркаган тогуз адам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилгени кабарланды.
Ушул эле күнү дагы бир жол кырсыгы Нарын облусундагы Сары-Булак — Кочкор автожолунда болгон. Ал жерде Lexus жана жүк ташуучу унаа кагылышкан. ЖМКларга күбөлөр билдирилгендей, Lexus Нарындан келе жаткан, ал эми фура ага каршы багытта бара жаткан. Ооруканага жеңил унаанын айдоочусу жана үч жүргүнчүсү жеткирилди. Алардын бири орто оордуктагы жаракат алса, калгандарынын абалы жеңил деп бааланууда.
Кырсыктан кийин фуранын чиркегичи жолду тосуп калганы белгиленди. Магистралда эки саатка чукул созулган тыгын жаралган. Чиркегичти жолдон четтетишип, жылдырууга токтоп турган унаалардын айдоочулары жана жүргүнчүлөрү жардам беришкен.