Медициналык ЖОЖдордун жабылышы. 10 миңдей студент башка окуу жайларга которулат
Медициналык билим берүү реформасынын алкагында, мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн жогорку окуу жайлардан аккредитациясы бар ЖОЖдорго 10,1 миң студент которулууга тийиш. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон такташкандай, колледждерде билим алып жаткан 1,8 миң студент дагы башка окуу жайларга которулат.
Саламаттыкты сактоо министрлиги которулган студенттердин так статистикасын бере элек, анткени айрым ЖОЖдордо азырынча жыйындар өтүп жатканы баса белгиленди. Которуу процессин 28-августка чейин аяктоо пландалууда, анткени 2-сентябрдан тарта болочоктогу медиктер үчүн онлайн-окутуу башталат.
Ошондой эле чет элдик студенттердин бир бөлүгү Кыргызстанга келе электиги белгиленди.
Студенттерден арыздарды кабыл алуу 10-августка чейин жүргүзүлгөн.