USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары-2026: Ысык-Көлдө интернет жана байланыш кызматтары камсыздалат

10:05, 24 августа 2026, Бишкек - 24.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында иш-чара өтүүчү объекттерде телекоммуникациялык инфраструктура күчөтүлүп, туруктуу интернет жана байланыш кызматтары камсыздалат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул багытта «Кыргызтелеком» ААК жана «ЭлКат» ЖЧК менен тиешелүү келишимдерге кол койду.

 

Көчмөндөр оюндарында интернет жана байланыш кызматтары камсыздалат

Келишимге ылайык, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы объектте атайын байланыш каналы аркылуу интернетке убактылуу жана акысыз жеткиликтүүлүк уюштурулат. Ошондой эле байланыш каналдарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү, туруктуулугу жана техникалык даярдыгы тесттик режимде текшерилет.

«Кыргызтелеком» Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына техникалык өнөктөш катары катышып, иш-чараны маалыматтык коштоого көмөк көрсөтөт.

Ал эми «ЭлКат» ЖЧК оюндар өтүп жаткан учурда тиешелүү объекттерде интернет жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүп, техникалык колдоону камсыздайт.

Туруктуу байланыш инфраструктурасы оюндардын катышуучулары, коноктору, журналисттер жана уюштуруучулар үчүн зарыл шарттарды түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18