USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

30-август- 6-сентябрга чейин Бишкек жана Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө кирет

09:10, 24 августа 2026, Бишкек - 24.kg

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте кыймылга чектөө төмөнкү көчөлөргө киргизилет:

«Манас» эл аралык аэропортунан тартып Васильев трактында, Фучик көчөсүндө, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринде, ошондой эле Абдрахманов, Байтик Баатыр көчөлөрүндө, Масалиев проспектисинде, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө.

Чүй облусунда иш-чаралар өтүп жаткан учурда айрым автожолдордо транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип турат.

Ысык-Көл облусунда убактылуу чектөөлөр автожолдордун айрым тилкелерине, анын ичинде «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейин, ипподром аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдо киргизилет.

Белгилей кетсек, бул күндөрү Кыргыз Республикасында ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.

ИИМ борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну жана жүрүү маршруттарын алдын ала пландаштырууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18