USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкек конуштарында ички жолдорду оңдоо иштери башталды

08:20, 24 августа 2026, Бишкек - 24.kg

109-Муниципалдык аймактык башкармалыгынын (МАБ) аймагында жол инфраструктурасын жакшыртуу жана калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шагыл төгүү иштери кызуу улантылууда. Аткарылган иштер тууралуу борбор калаанын Ленин районунан билдиришти.

2026-жылдын планына ылайык, буга чейин жалпы узундугу 20 чакырымды түзгөн 24 көчөгө шагыл төгүлүп, жолдорду оңдоо иштери толугу менен аяктаган.

Учурда кошумча 10 чакырымды түзгөн 12 көчөдө шагыл төгүү жана жолдорду тегиздөө иштери жигердүү жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин бул аймактагы ички жолдорду жашоочулар өздөрү демилге көтөрүп, ашар жолу менен оңдоп келишкен. Учурда жолдордун сапатын жакшыртуу максатында иштер этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Алгач жолдор грейдер менен тегизделип, андан соң майда шагыл төгүлүп, кайрадан грейдер менен тегизделет. Акырында жол атайын таптоочу техника каток менен тапталып бекемделет.

Учурда Ак-Ордо-3 конушунун бир катар көчөлөрү тегизделип, оңдолуп, жашоочулар үчүн жол жүрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18