USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мохамед Салах түркиялык «Трабзонспор» үчүн алгачкы голун киргизди

07:40, 24 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Египет курамасынын жана «Трабзонспордун» чабуулчусу Мохамед Салах түркиялык команда үчүн өзүнүн биринчи голун киргизди. 34 жаштагы форвард Түркия Суперлигасынын алкагындагы «Башакшехир» клубуна каршы экинчи турдун матчында эсепти ачты.

Мохамед Салах түркиялык «Трабзонспор» үчүн алгачкы голун киргизди

Эске салсак, сезон аралык тыныгууда чабуулчу «Трабзонспор» менен эки жылдык келишимге кол койгон, буга чейин Салах «Ливерпуль» үчүн ойногон.

Форвард ошондой эле «Челси», «Рома» жана «Фиорентинадагы» оюндары менен да белгилүү. Өз карьерасында 34 жаштагы египеттик футболчу 697 матч өткөрүп, анда 335 гол киргизип жана 171 натыйжалуу пас берген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18