Акчага ойноо смартфондо: Базардын жана көзөмөлдүн жаңы технологиялары
Телефон коюмдарга, лотереяларга жана онлайн-казинолорго жеткиликтүүлүктү кеңири жайылтты. Мамлекеттер санариптик Базарга ылайык көзөмөлдү кантип кайра түзүп жатканын жана катышуучу өзү эмнени текшере аларын карап чыгабыз.
Узак убакыт бою оюн белгилүү бир даректерде уюштурулган: казино, оюн залы, коюмдарды кабыл алуу пункту, лотерея билеттерин саткан күркө — булардын баары текшерүүгө, айып салууга, уруксатынан ажыратууга же жабууга мүмкүн болгон физикалык жайлар эле. Тираждын жыйынтыгын эл телевизордон күтүп көрчү. Азыр болсо оюнчунун бардык аракеттери бир смартфонго батат: катталуу, инсандыгын ырастоо, төлөм жүргүзүү, оюнга катышуу жана утушту алуу.
Оюнга жетүү аралыгы кыскарды, ал эми мамлекеттин милдети татаалдашты: физикалык жайды бир жолу жабууга болот, ал эми санариптик аянтча бөгөт коюлгандан кийин жаңы дарек менен кайра ачылат. Аны жөнгө салуучу орган реакция кылып жетишкенге чейин колдонуучу тез таап алат.
Сурай турган киши жок
Тиркеменин иштөө тартиби да, кире бериште күзөтү да, текшерүү жүргүзүлө турган дареги да жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) онлайн оюндарды каалаган жерден ойноого болорун, анын ичинде мындай оюндарга тыюу салынган өлкөлөрдө да жеткиликтүү экенин белгилейт. Ошондой эле жакыр өлкөлөрдө бул тармактын өсүшүнө смартфондордун кеңири жайылышы да таасир этип жатканы айтылат.
Бул өзгөрүү канчалык деңгээлге жеткенин Даниянын мисалынан көрүүгө болот: учурда онлайн оюндарга жумшалган каражаттын дээрлик үчтөн экиси телефон аркылуу өтөт, ал эми спорттук коюмдарда бул көрсөткүч 70 пайыздан ашат. Салыштыруу үчүн: 2012-жылы Базар жаңыдан ачылган мезгилдерде мобилдик түзмөктөрдүн үлүшү болгону 11 пайызды түзгөн.
Кырдаалды элестетип көрөлү: сервис башка өлкөдөн иштейт, жарнамасы күнүмдүк колдонгон лентага чыгат, төлөм онлайн жүргүзүлөт. Адамга экранды бир нече жолу басып коюу эле жетиштүү. Ал эми мамлекеттин алдында жоопсуз калган суроолордун тизмеси пайда болот: бул ким, кайда катталган, кайсы эрежелер менен иштейт, акча каражаттарын ким көзөмөлдөйт жана бир нерсе туура эмес болуп кетсе, кайда кайрылуу керек?
Бийлик органдары кандай чараларды көрөт
Мындан улам көзөмөлдөө ыкмалары да өзгөрүүдө: платформаны биротоло жабуу мүмкүн болбогон соң, анын жеткиликтүүлүгүнө, акча каражаттарына жана жарнамасына көңүл бурула баштады.
Буга Норвегиянын мисалы ачык далил. Ал жерде кумар оюндарын сунуштоого эки гана мамлекеттик операторго уруксат берилген, ал эми 2025-жылдын 1-январынан тартып башка операторлорго каршы олуттуу чаралар көрүлө баштаган. Адегенде жөнгө салуучу орган 23 компанияга таандык 57 сайтты бөгөттөгөн, ал эми жылдын ортосуна карата бөгөттөлгөн ресурстардын саны 236га жеткен. Ошол эле учурда банктарга уруксаты жок операторлорго акча которууга, ал эми телеканалдарга мындай сервистерди жарнамалоого тыюу салынган.
Башка жол дагы бар. Мисалы, Казакстанда платформанын өзүн эмес, катышуучунун өзүн чектөөгө басым жасалат. eGov Mobile тиркемеси аркылуу адам өзүнө он жылга чейинки мөөнөткө кумар оюндарын ойноого тыюу сала алат, мында берилген арызды мөөнөтүнөн мурда кайтарып алуу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, мыйзам бирдиктүү реестрге киргизилген карызкорлорго, мамлекеттик кызматкерлерге, аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кумар оюндарын ойноого тыюу салат. Букмекерлердин жарнамасына да чектөө коюлган: аны көчөлөргө жайгаштырууга жана уюлдук байланыш операторлору аркылуу жөнөтүүгө болбойт.
Жасалма экенин көз менен айырмалоо мүмкүн эмес
Мындай чаралар жеткиликтүүлүктү толугу менен чектей албайт, муну жөнгө салуучу органдар да моюнга алышат. Норвегиянын көзөмөл органы бул маселенин дагы бир жагын өзүнчө белгилейт: норвегиялыктардын болжол менен жарымы өлкөдө кайсы операторлордун иштөөгө уруксаты бар экенин билишпейт.
Жасалма ресурстардын масштабы Орусиянын маалыматтарынан да көрүнүп турат. 2025-жылы Орусиядагы мамлекеттик лотереялардын оператору киберкоопсуздук боюнча сервис менен биргеликте мамлекеттик лотереялардын атын жамынып иштеген дээрлик 8 миң ресурсту бөгөттөгөн: сайттар жана фишинг баракчалары, социалдык тармактардагы жасалма жеке баракчалар жана мобилдик тиркемелер. Эми көчөдөгү көрнөктү эмес, экрандагы тиркеменин сүрөтчөсүн көчүрүшөт.
Техникалык чектөөлөрдү айланып өтүүгө болот, бирок катышуучу үчүн андан да татаал нерсе бар — ким менен иш алып барып жатканын түшүнүү. Экранда белгилүү уюштуруучуга таандык мыйзамдуу сервис да, эч кандай негизсиз иштеп жаткан сервис да бирдей көрүнүшү мүмкүн.
Сервисти кантип текшерсе болот
Аларды айырмалап турган нерсе — биринде бул маалыматтар ачык жарыяланган, ал эми экинчисинде мындай маалыматтар таптакыр жок. Ошондуктан санариптик чөйрөдө жайгашкан жерди эмес, аталышын жана кимге тиешелүү экенин текшерүү керек: оюн үчүн ким жооп берет жана ал кандай негизде иштеп жатат?
Кыргызстанда бул суроолорго «Лотереялар жөнүндө» мыйзам жооп берет — анда кесипкөй лотерея түшүнүгү каралган. Бул түшүнүк боюнча уюштуруучу катары Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлгөн юридикалык жак гана иш алып бара алат. Учурда бул — «Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасы, «Кыргыз лото» брендин колдонуп келет.
Тираждарды уюштуруучу менен келишимдин негизинде иштеген операторлор өткөрөт. Алардын бири — «Байлото», аны менен келишим 2025-жылдын октябрь айында 10 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. «Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасынын 2026-жылдын 20-февралындагы № 19 катына ылайык, «ГЛП» ЖЧКсы 2025-жылдын 30-октябрында 10 жылдык мөөнөткө түзүлгөн № 19 келишимдин негизинде кесипкөй лотереянын оператору болуп саналат.
Лотереялык ишмердикти көзөмөлдөөнү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы Базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жүргүзөт.
Жасалга жана аталышын көчүрүп алуу кыйын эмес — бирок уюштуруучу менен түзүлгөн келишимди көчүрүп алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан дарегине көңүл буруу керек: «Байлото» компаниясынын бир гана расмий сайты жана Instagramдагы бир гана расмий баракчасы (@bayloto.kg) бар, ал эми бул аталыш менен ачылган башка бардык ресурстардын компанияга тиешеси жок.
Жөнгө салуу санариптик Базарды гана кууп жетип жатат, ошондуктан бардык көчүрмөлөрдү жаап салат деп күтүүгө болбойт. Бирок конкреттүү сервисти өзүңүз текшере аласыз: анын артында кайсы компания турат, тиражды кандай негизде өткөрүп жатат жана бул чындап эле ошол расмий дарекпи. Мунун баары ачык маалымат жана аны текшерүүгө бир нече эле мүнөт кетет.
***
Катышуу эрежелери жана учурдагы тираждар «Байлото» компаниясынын расмий сайтында — мамлекеттик уюштуруучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде кесипкөй лотереянын оператору катары иш алып барган «ГЛП» ЖЧКсынын онлайн-платформасында, ошондой эле Instagramдагы @bayloto.kg расмий баракчасында жарыяланат.
Кесипкөй лотереянын уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлгөн, «Кыргыз лото» брендин колдонгон «Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасы.
Оператору — «ГЛП» ЖЧКсы («Байлото»), укуктук негиздөөчү документи — 2025-жылдын 30-октябрындагы № 19 келишим, келишимдин колдонуу мөөнөтү — 10 жыл.
Лотереялык ишмердикти жөнгө салуучу орган — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы Базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы.
Катышуу — 18 жаштан жогору.
ЖАРНАМА УКУГУНДА. Тапшырык берүүчү — «ГЛП» ЖЧКсы. 18+