Көчмөндөр оюндары: Ардактуу меймандар арасында актриса Наталия Аринбасарова бар
Советтик жана орусиялык театр жана кино актрисасы Наталия Аринбасарова кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстанга келерин билдирди.
Наталия Аринбасарова — белгилүү советтик жана орусиялык актриса, РСФСРдин жана Казакстандын эмгек сиңирген артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Венеция кинофестивалынын Вольпи кубогунун ээси.

Анын фильмографиясында белгилүү классикалык тасмалардагы жана заманбап долбоорлордогу ондогон ролдор бар. Алардын арасында актрисага дүйнөлүк атак-даңк жана 1966-жылдагы Венеция кинофестивалында эң мыкты аялдын ролу үчүн Вольпи кубогун алып келген «Биринчи мугалим» (1965) фильминдеги Алтынайдын ролу, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча тартылган «Жамийла» (1969) тасмасындагы башкы роль өзгөчө орунду ээлейт.