Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин дээрлик 15 пайызы пенсия курагында
Кыргызстандын мектептеринде 93,8 миң мугалим иштейт. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Агартуу министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, алардын ичинде пенсия курагындагы (эркектер — 63 жаш жана андан улуу, аялдар — 58 жаш жана андан улуу) 13,8 миң педагог эмгектенет.
2026-жылдын май айындагы статистикага ылайык, республика боюнча мектептерде 658 мугалим жетишсиз болгон.
«Мугалимдердин тартыштыгы өзгөчө Бишкекте жана Чүй облусунда байкалган.
Жаңыртылган статистика сентябрь айынын аягында белгилүү болот.