Өлкөдө соцкызматкерлердин айлыгы 12 миң сомдон 40 миң сомго чейин жогорулады
Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин орточо эмгек акысы, каралган кошумча акыларды жана үстөктөрдү эсепке алуу менен болжол менен 40 миң сомго чейин көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында айтылды.
Буга чейин орточо айлык орто эсеп менен 12 миң сомду түзүп келген. Айлыкты жогорулатуу бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу тууралуу президенттин 2026-жылдын 26-мартындагы жарлыгынын алкагында жүргүзүлгөн. Учурда өлкө боюнча 545 социалдык кызматкер иштеп жатат. Бул бекитилген штаттык сандын 99 пайызын түзөт. Отчет тук мезгилде алар оор турмуштук кырдаалда калган 3,6 миң баланы аныкташкан. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 1 миң 702 баланы мындай кырдаалдан алып чыгууга мүмкүн болду.