«Кылым Банк» ААКтын акционери катары Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу функциялары Каржы министрлигинен Кыргызстандын Президентинин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилет.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Документке ылайык, чечим банктын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. Жарлык расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Кылым Банк» өткөн жылы негизделген. Анын уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт жана 2027-жылга чейин бул сумманы 5 миллиардга чейин көбөйтүү пландалууда.