Дүйнөлүк Куран жарышында кыргызстандык эки кары 3-орунду ээледи
Сауд Арабиясында өткөн 46-Дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстандын атынан катышкан эки кары 3-орунду багындырды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Расул кары Касиев жети кыраат боюнча, ал эми Муса кары Мирбеков 15 пара боюнча үчүнчү орунга ээ болду.
Бүгүн катышуучулар Кыргызстанга кайтып келишти. «Манас» эл аралык аэропортунан аларды Кыргызстан муфтийинин орун басары Рафаил ажы Татиков, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү, мугалимдер жана студенттер тосуп алышты.
Жеңүүчүлөрдү жетишкен натыйжалары менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалашты.

