ABank айымдар үчүн жеңилдетилген ипотеканы ишке киргизет — 7 млн сомго чейин
ABank жана Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) энергияны үнөмдөөчү турак жайга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган жеңилдетилген долбоордун алкагында кайра каржылоо боюнча келишимге кол коюшту.
Бул келишим МИКтин талаптарына жооп берген ABankтын кардарларына «Айымдар үчүн ипотека» программасынын алкагында жеңилдетилген ипотекалык насыя алууга мүмкүнчүлүк берет.
Программа аялдар үчүн ипотекалык каржылоону жеткиликтүү кылууга жана алардын турак жай шарттарын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле долбоор Кыргызстанда энергияны үнөмдөөчү турак жайларды каржылоону өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Долбоор Азиат өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен «Жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жай үчүн турак жай каржылоосун жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Каржылоонун жалпы көлөмү 65 млн АКШ долларын түзөт.
7 млн сомго чейин турак жай сатып алуу
Программанын алкагында Кыргыз Республикасынын жашы жеткен аял жарандары өздөрү жашоо үчүн батир же жеке турак үй сатып ала алышат.
Негизги шарттары:
- насыянын суммасы — 7 млн сомго чейин;
- насыянын мөөнөтү — 25 жылга чейин;
- баштапкы төлөм — 10%дан;
- пайыздык чен — аймактарда жылдык 9,75%га чейин жана Бишкек менен Ош шаарларында 10,75%га чейин;
- батирдин максималдуу аянты — 100 чарчы метрге чейин;
- жеке турак үйдүн максималдуу аянты — 200 чарчы метрге чейин.
Социалдык жактан аялуу категорияларга кирген жана МИКтин талаптарына жооп берген аялдар үчүн программага катышуунун кошумча шарттары каралышы мүмкүн.
ABank кардарлар үчүн узак мөөнөттүү ипотекалык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү улантып, жеткиликтүү турак жайды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик жана эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышууда.
Программага катышуунун толук шарттары ABankтын расмий сайтында жеткиликтүү https://abank.kg/ky.
Улуттук банктын лицензиясы № 048