USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дмитрий Песков: «Владимир Путин ШКУ саммитине катышууну пландап жатат»

12:30, 21 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышууну пландап жатат. Бул тууралуу Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдирди.

«Президенттин катышуусу пландалууда, бул чындыгында эле ошондой», — деди ал.

 

Владимир Путин ШКУ саммитине катышууну пландап жатат

Анын айтымында, иш-чара мазмундуу жана таасирдүү болот. Орус лидеринин ШКУ саммитинин алкагындагы эки тараптуу жолугушууларынын жана байланыштарынын графиги азырынча ачыктала элек.

Орусиянын президенти 4-июнда ШКУ чек ара маселелерин чечүү куралы катары түзүлгөнүн, бирок убакыттын өтүшү менен өсүп-өнүгүп, байкалаарлык күчкө айланганын билдирген. Ал уюмдун ишинин жыйынтыктары Россия үчүн да, бирикмеге кирген башка мамлекеттер үчүн да кызыгуу туудурарын кошумчалаган. Путин боло турган саммиттин ийгиликтүү өтөрүнө ишеним билдирип, Москва анын даярдыгына көмөктөшүүгө даяр экенин айткан.

Мамлекет башчыларынын катышуусундагы ШКУ саммити 31-август — 1-сентябрь күндөрү өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18