VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан сатып алса болот? Нускама
1-сентябрдан 6-сентябрга чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди онлайн, ал эми 27-августтан баштап офлайн кассалардан сатып алууга болот.
Электрондук билет сатып алуу үчүн Улуттук электрондук билет системасынын расмий nebs.gov.kg сайтына кирип, каттоодон өтүү, иш-чараны жана орундукту тандап, андан соң билеттин акысын төлөө зарыл.
Төлөмдү Visa, MasterCard, ЭЛКАРТ банк карталары, ошондой эле ELQR QR-коду аркылуу жүргүзүүгө болот.
27-августтан тарта билеттер офлайн режиминде да сатыла баштайт:
- Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык комплексинин кассасында;
- Чолпон-Ата шаарынын ипподромундагы эки расмий сатуу чекитинде;
- Бостери айылындагы «Дордой Номад» амфитеатрынын билет сатуу чекитинде.
- Муну менен катар, Кырчын капчыгайындагы иш-чараларга жана Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы музейине кирүү акысыз болот.
Ошондой эле уюштуруучулар электрондук билеттердин ээлерине эскертишет: QR-кодду бөлөк адамдарга берүүгө же социалдык тармактарга жарыялоого болбойт, анткени андан башка адам колдонуп кетиши мүмкүн.