Быйыл Кыргызстанда 1 миллион тоннадан ашык дан жыйналды
Быйылкы Кыргызстанда түшүм жыйноо иштери аяктап баратат. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 365,9 миң гектар аянттагы дан эгиндери жыйналып, жалпы түшүм 1 млн 69,8 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерге жетти. Өткөн жылы бул көрсөткүч 24,8 центнерди түзгөн.
Буудай 205,7 миң гектар аянттан жыйналып, 617,5 миң тонна түшүм алынды.
Аймактар арасында Чүй облусу алдыда — 663 миң тонна дан жыйналды. Ош облусунда бул көрсөткүч 204 миң тоннаны түздү.
Мындан тышкары, өлкө боюнча 363,2 миң тонна жашылча, 178,5 миң тонна картошка жана 83,4 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды.
Учурда түшүм жыйноо иштери өлкөнүн бардык аймактарында уланууда.