USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте транспорт кыймылы үчүн оңдолгон сегиз көчө ачылды

08:45, 21 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте автотранспорттун кыймылы үчүн оңдолгон сегиз көчө ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жумуштар аяктагандан кийин төмөнкү көчөлөр жана жол тилкелери баскыч-баскычы менен кыймыл үчүн ачылганы такталды:

  • Барпы Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки узундугу 510 метр болгон Краснодар көчөсү;
  • Лущихин көчөсүнүн Шабдан Баатыр (мурдагы Лев Толстой) көчөсүнө туташкан узундугу 600 метр болгон тилкеси;
  • Өмүр көчөсүнөн Эгиналиев көчөсүнө чейинки узундугу 600 метр болгон Ак-Шоокум көчөсү;
  • Чыңгыз Айтматов проспектисинен Садырбаев көчөсүнө чейинки узундугу 1 миң 200 метр болгон Семетей көчөсү;
  • Аалы Токомбаев көчөсүндөгү Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн 12-микрорайондогу «Айша» мечитине чейинки узундугу 3 миң 200 метр болгон жөө адамдар өтүүчү жол (тротуар);
  • 5-микрорайондогу Миррахимов көчөсүнөн № 28, 29, 30 жана 30а үйлөрүн бойлой созулган узундугу 350 метр болгон жол;
  • Абай көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки узундугу 600 метр болгон Скрябин көчөсү;
  • Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки узундугу 450 метр болгон тилкеси.

Бардык көчөлөрдө жана жол тилкелеринде тротуарлар курулуп, чектеш аймактар иретке келтирилди.

2026-жылы Бишкекте 136 автомобиль жолун жана тротуарды куруу, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү жумуштары башталып, алардын ичинен бүгүнкү күнгө карата 68и аяктады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18