USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Бишкекте «Манас» музыкалык-хореографиялык спектакли көрсөтүлөт

08:30, 21 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун ыр-бий ансамблинин катышуусунда «Манас» музыкалык-хореографиялык спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спектаклдин ачылышы бүгүн, 21-августта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чоң залында өтөт. Көрсөтүү 22-августта да уланат.

Бүгүн Бишкекте «Манас» музыкалык-хореографиялык спектакли көрсөтүлөт

Спектаклде музыка, хореография жана сахна өнөрү аркылуу «Манас» эпосунун көркөм дүйнөсү чагылдырылат.

Иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын маданий-гуманитардык байланыштарын бекемдөөгө жана чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Башталышы: саат 19:00.

Кирүү: акысыз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18