Golden Boy-2026: Дүйнөнүн эң мыкты жаш футболчусу ким болот?
Испания курамасынын жана «Барселонанын» коргоочусу Пау Кубарси «Golden Boy-2026» сыйлыгына талапкерлердин жаңыртылган рейтингинде сап башына чыкты. Бул тууралуу сыйлыктын X социалдык тармагындагы аккаунтунда маалымдалды.

Golden Boy сыйлыгы Европа лигасынын жогорку дивизиондорунун биринде ойногон 21 жашка чейинки жылдын эң мыкты футболчусуна берилет. Бул байгени карьерада бир гана жолу утуп алууга болот, ошол себептүү Ламин Ямаль сыйлыкты кайра ала албайт, анткени ал 2024-жылы жеңүүчү болгон.
Рейтингдин ТОП-10 тизмеси төмөнкүдөй:
Пау Кубарси («Барселона»).
Ламин Ямаль («Барселона»).
Ян Диоманде («Реал»).
Уоррен Заир-Эмери («Пари Сен-Жермен»).
Айюб Буадди («Лилль»).
Виктор Фрохольдт («Порту»).
Райан («Борнмут»).
Эндрик («Реал»).
Эли Крупи («Борнмут»).
Эстевао Виллиан («Челси»).