USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көчмөндөр оюндары −2026: 112 өлкөнүн спортчулары катышууга билдирме берди

14:40, 20 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Учурда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетине дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн, анын ичинде Австралия, Азербайжан, Армения, Аргентина, Бангладеш, Бахрейн, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Казакстан, Монголия, Польша, Орусия, АКШ, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден спортчулардын арыздары келип түштү. Бул тууралуу 24.kg кабарчысына ыкчам медиа-штабдан билдиришти.

Оюндарга 3 миңге чукул спортчу катышаары күтүлүүдө.

Спортчулардын анкеттик маалыматтары VI Көчмөндөр оюндарынын спорттук программасын өткөрүү Жобосунун талаптарына ылайык, Оюндардын расмий сайтындагы электрондук аккредитациялоо системасы аркылуу келип түшкөн. Буга чейин уюштуруу комитети дүйнөнүн 100 өлкөсүнүн дарегине катышуу үчүн расмий чакырууларды жөнөткөн.

VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндөгү Жобого ылайык, программага спорттун 42 түрү киргизилген. Документ үч тилде даярдалган: кыргыз, орус жана англис тилдеринде. 31-августта спорттук делегациялар VI Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышындагы өлкөлөрдүн парадына катышышат, анда командалар бирдиктүү улуттук формада чыгууга тийиш.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18