USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өзбекстан ЖОЖдору кыргызстандык студенттер үчүн 20 квоталык орун бөлдү

11:30, 20 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын жарандары үчүн 2026/27-окуу жылына Өзбекстандын жогорку билим берүү уюмдарында мамлекеттик гранттын негизинде билим алууга 20 квоталык орун бөлүндү.

КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматы боюнча, бөлүнүп берилген квоталык орундарга талапкерлерди тандоону Ош мамлекеттик университети жүргүзөт.

Бул жылы кыргызстандык абитуриенттерге бакалавриаттын төмөнкү багыттары боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет:

  • мектепке чейинки билим берүү — 4 орун;
  • компьютердик инженердик долбоорлоо — 4 орун;
  • агрономия — 4 орун;
  • суу чарбасы жана мелиорация — 2 орун;
  • экология жана айлана-чөйрөнү коргоо — 2 орун;
  • курулуш инженердик долбоорлоо— 4 орун.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер анкетти, орто жалпы же орто кесиптик билими тууралуу дипломдун же аттестаттын көчүрмөсүн, паспорттун көчүрмөсүн, орус тилиндеги белгиленген формадагы медициналык маалымкатты, ошондой эле 3,5 × 4,5 сантиметр өлчөмүндөгү алты даана сүрөттү сунушташы керек.

Сынактык тандоонун алкагында талапкерлер тандап алган окутуу тилин билүү деңгээлин көрсөтүп, эки профилдик предмет боюнча сыноолордон өтүшү зарыл. Сынак 5 баллдык система менен бааланат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18