Бишкектеги Манас көчөсү бир күнгө жарым-жартылай жабылат
Манас көчөсүнүн аэропортту көздөй бараткан бир тарабы 20-августта бир күнгө кыймыл үчүн жабылат. Чектөө жолду оңдоо иштерине байланыштуу экенин борбор калаанын мэриясы билдирди.
Оңдоо иштери Чоң Чүй каналынан баштап Пригородное айылына чейинки тилкеде жүргүзүлөт.
Айдоочулардан жана борбор калаанын конокторунан каттамды пландаштырууда убактылуу чектөөнү эске алууну жана айланып өтүүчү жолдорду алдын ала тандоону суранышат.