USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Ала-Тоо» аянтында өспүрүмдөр мушташып кетишти

10:49, 20 августа 2026, Бишкек - 24.kg

19-августка караган түнү «Ала-Тоо» аянтында өспүрүмдөр мушташа кетишкен.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуяга катышкандардын баары такталып, жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнин № 5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуянын чоо-жайын аныктоого багытталган зарыл болгон бардык чаралар токтоосуз көрүлгөн. Жашы жете электер менен тиешелүү профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жашы жете электердин ата-энелерине карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесине («Ата-энелик милдеттерден качуу») ылайык протоколдор түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.

Кийинчерээк жашы жете электер ата-энелерине же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18