Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө күн бою ичүүчү суу өчүрүлөт
Бүгүн, 20-августта саат 09.00дөн 00.00гө чейин Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-турмуштук, өнөр жай багытындагы имараттарда суу болбойт.
Өчүрүү аймагы: Чүй проспектиси, Фрунзе көчөсү, Тыныстанов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Жибек Жолу проспектисинен Ала-Арча дарыясына чейин, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.

Мэриянын маалыматы боюнча, суу берүүнү токтотуу жылуулук тармактарынын суу түтүгүн жылдырууга байланыштуу.
«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундар менен уюмдардан алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.