USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда жаңы 12 суу сактагыч курулууда

08:05, 20 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Учурда Кыргызстанда 12 жаңы суу сактагычтын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ала-Бука районундагы Чанач-Сай суу сактагычына барган Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал Чанач-Сайды кеңейтүү каралганын белгиледи.

«Учурдагы 2 миллион кубометрдик сыйымдуулук жаңы долбоор ишке ашкандан кийин 8,14 миллион кубометрге чейин жеткирилет. Натыйжада азыркы учурда 3 миң гектарды түзгөн сугат жер аянты 5 миң гектардан ашат», — деди Төрөбаев.

Ал президент тарабынан 2030-жылга чейин 106 суу сактагыч куруу милдети коюлганын эскертти. Учурда алардын 12си курулуп жатат, ал эми дагы 29 долбоор даярдалуу баскычында турат.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, негизги максат — суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, сугат аянттарын кеңейтүү жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18