USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Харри Кейн экинчи ирет «Алтын бутса» сыйлыгын утуп алды

07:45, 20 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Мюнхендик «Бавариянын» чабуулчусу Харри Кейн 2025/26-жылкы сезондун жыйынтыгы боюнча «Алтын бутсанын» ээси болду.

Немнистик клубдун басма сөз кызматы англиялык форвардка бул абройлуу жеке сыйлык тапшырылганын кабарлады.

Германиянын өткөн чемпионатында Кейн Бундеслигада 36 гол киргизип, жемиштүү сезон өткөрдү. Бул көрсөткүчтүн аркасында Англия курамасынын капитаны Европанын улуттук чемпионаттарынын оюнчулары арасында эң мыкты чабуулчу болду.

Бул жетишкендиктин урматына «Бавария» атайын азем өткөрүп, анда Кейн өз сыйлыгын алды.

33 жаштагы форвард үчүн бул «Алтын бутса» карьерасындагы экинчи сыйлык болуп калды. Ал бул трофейди биринчи жолу мюнхендик клубдун курамындагы дебюттук — 2023/24-жылкы сезонунун жыйынтыгы менен жеңип алган.

Учурда Кейн менен «Бавария» жаңы сезондун башталышына даярданып жатышат. Венсан Компанинин командасы биринчи расмий беттешин 22-августта Германиянын Суперкубогу үчүн оюнда дортмунддук «Боруссияга» каршы өткөрөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18