Аксыда Ак-Терек каналынын эки чакырымдык тоннелинин курулушу аяктады
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Ак-Терек каналынын эки чакырымдык тоннелинин курулушу аяктап калды. Тоннель казуучуларга дагы 60 метрдей жерди казуу калды деп билдирет Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, объектини Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев текшерип чыкты.

Учурдагы жумуштун темпи менен тоннелди казып бүтүрүү 20 күндүн ичинде пландалууда. Андан кийин куруучулар объектини бетондоо жана инженердик жабдуу жумуштарына киришишет.
Ак-Терек каналын пайдаланууга берүү Кербен шаарына караштуу айыл аймактарынын айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоону жогорулатат.
Райондо ошондой эле «Кызыл-Алма» суу сактагычы курулууда, ал кошумча 2,2 миң гектар сугат жерин жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берет. Жалпысынан 4 миң гектардан ашык айыл чарба жерин туруктуу сугат суу менен камсыздоо пландаштырылууда.