USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда автоунааларды сатуу 2026-жылы үчтөн бирге өстү

14:05, 18 августа 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын январь — июль айларында автоунаалар, мотоциклдерди, алардын тетиктерин -шаймандарын сатуу 48 миллиард 881,9 миллион сомго жетти. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, бул көрсөткүч 2025-жылдын жети айына салыштырмалуу 33,3 пайызга өскөн.

Автотранспортту техникалык жактан тейлөө жана оңдоо кызматтары да өсүштө: алардын көлөмү 14,1 пайызга көбөйүп, 5 миллиард 170,7 миллион сомду түздү.

Ошол эле учурда 2026-жылдын январь — июль айларында дүң сооданын жүгүртүүсү 547 миллиард 148,9 миллион сомго жетти. Бирок реалдуу туюнтмада өткөн жылдын жети айына салыштырмалуу 4,7 пайызга кыскарган.

2026-жылдын июль айында дүң сооданын көлөмү 2025-жылдын июлуна салыштырмалуу 15,8 пайызга төмөндөгөн.

Өлкөдөгү дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы жүгүртүүсү 1 триллион 149 миллиард 555,8 миллион сомдон ашып, жалпы 4 пайыздык өсүштү көрсөттү.

Коммерциялык активдүүлүктүн негизги үлүшү адаттагыдай эле Бишкек шаарына туура келди — жалпы көлөмдүн 60,6 пайызы (696 миллиард 376,1 миллион сом).

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18