USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ленин чокусунда экологиялык талаптардын аткарылбашы аныкталды

13:05, 18 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында пландалган текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ленин чокусунун аймагында туристтерди кабыл алган айрым конок үйлөрүндө таштандыларды өрттөө жана саркынды сууларды экологиялык талаптарды бузуу менен агызуу фактылары аныкталган.

Аныкталган тартип бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлдү. Жооптуу жактарга жалпы суммасы 51 миң сомду түзгөн айып пулдар салынды.

Мындан тышкары, экологиялык талаптарды катуу сактоо, таштандыларды белгиленген нормаларга ылайык туура иштетүү, ошондой эле саркынды сууларды айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен агызуу зарылдыгы түшүндүрүлдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18