USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ноокатта Кызыл китепке киргизилген кумай кушу жаратылышка кое берилди

12:30, 18 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Ноокат районунун А. Мирмахмудов айыл аймагындагы өп базарында сатуучулар Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген кумай канаттуусун табышкан.

Табылган канаттуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлоруна өткөрүлүп берилген.

Дал ошол эле күнү канаттуу Ноокат райондук ветеринария башкармалыгына жеткирилип, ветеринардык кароодон өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында кумай кушунун саламаттыгы канааттандырарлык экени жана жугуштуу оорулардын белгилери жоктугу аныкталган.

Ветеринардык кароодон кийин сейрек кездешүүчү канаттуу кайрадан коопсуз жана жагымдуу табигый чөйрөсүнө кое берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18