USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте жол кырсыгынан кийин тез жардам унаасы оодарылып кетти

10:47, 18 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жеңил унаа менен жеке тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Күбөлөрдүн айтымында, авария Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Сүзүшүүнүн кесепетинен «Веданта» клиникасынын тез жардам унаасы капталына оодарылып кеткен.

Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып кетти

«103» кызматынан билдиришкендей, жеке тез жардамдын бригадасы жабыркаган эмес. Окуя болгон жерге «103» кызматынын бригадасы жиберилип, жеке тез жардам унаасында бара жаткан бейтапты алып кетип, ооруканага жайгаштырган.

Жол кырсыгынын башка чоо-жайы такталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18