2026-жылы республика боюнча жалпы аянты 683 гектар жерде 65 айыл чарба кооперативи түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүнө киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Анын ичинде Баткен облусунда 4, Нарын облусунда — 6, Чүй облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 8, Ош облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 2 жана Талас облусунда — 18 кооператив түзүлдү.
Айыл чарба кооперативдерин түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 418 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүнүн 2023—2027-жылдарга каралган программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Негизги максат — майда айылдык товар өндүрүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде кооперативдерге бириктирүү жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.