Караколго жакын жерде түнкүсүн күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды
Караколго жакын жерде түнкүсүн күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, сейсмикалык активдүүлүк 18-августта саат 2:21де катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Көөлү-Тоо кырка тоосунун аймагында: Майлы-Саз айылынан 22 километр түштүк-батышта, Каракол шаарынан 52 километр түштүк-чыгышта жайгашкан.
Өлкөнүн калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.