USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 17-сентябрда дайындашы мүмкүн

08:04, 18 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону дайындоо тууралуу чечимди 17-сентябрда кабыл алышы мүмкүн.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 24.kg басылмасына билдиргендей, ал Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин атына кат жөнөткөн.

«Шайлоо 27-сентябрга чейин дайындалышы керек. Биз 17-сентябрь күнү чечим кабыл алууну сунуштадык», — деди Шайназаров.

Мыйзамдарга ылайык, кезектеги президенттик шайлоо Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечикпестен дайындалат. Шайлоо күнү мурдараак белгиленген — ал шаршембиде, 27-январда өтөт. Тиешелүү түрдө парламент шайлоону 27-сентябрга чейин дайындашы керек.

Президенттик кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндүн эртеси башталып, шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда аяктайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18