USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Манас шаарында жаңы автобекет ишке кирди

14:20, 17 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Манас шаарында Көк-Арт кичи районундагы Шабданбай Абдраманов көчөсүндө жайгашкан жаңы автобекет иштеп баштады.

Мэриянын маалыматы боюнча, объект 2,2 гектар аянтты ээлейт жана заманбап талаптарга ылайык курулган. Жүргүнчүлөр үчүн зарыл болгон бардык шарттар каралган.

Жаңы автовокзалдан күнүнө шаардык жана шаар аралык 53 багыт боюнча 450–453 каттам аткарылып турат.

Мурда иштеп турган автовокзалдын ордуна 750 орундуу заманбап мектеп куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканы белгиленди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18