Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
29-августтан 6-сентябрга чейин Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жолдордун айрым тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Чектөөлөр мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу. Ведомстводон кыймыл мезгил-мезгили менен токтотулуп турарын такташты. Бул аралыкта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүшөт.
ИИМ айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландаштырууга жана чектөөлөр күтүлүп жаткан тилкелерде мүмкүн болушунча жолго чыгуудан карманууга чакырат.
Ошондой эле жарандардан жол кыймылын жөнгө салып жаткан милиция кызматкерлеринин талаптарын сактоо суралат.