USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мектепке кабыл алуу. Биринчи класстарда 59 миң бош орун калууда

10:20, 17 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын мектептери биринчи класска 134 миңге чукул баланы каттады. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.

Бишкекте 25 миңге чукул бала кабыл алынды. Анын ичинде 13,2 миң орун кыргыз тилинде окуткан класстарда, 11,7 миңге чукулу орус тилинде окуткан класстарда ээленди. Борбор калаада 1,5 миң орун бош турат.

Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына карата квоталардын жалпы саны — 193,3 миң. Дагы 59 миң орун бош.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап микроучасток боюнча жүргүзүлсө, учурда каттоодо турган жери боюнча эмес, бош орундар калган мектептерге гана катталууга болот.

4-августтан 5-сентябрга чейин кабыл алынган балдардын ата-энелери мектепке төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

ден соолугунун абалы тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы;

алынган эмдөөлөр (прививкалар) тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасы.

Окуу жылы 15-сентябрда башталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18