USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандык окуучулары информатика боюнча олимпиадада байгелүү орун алышты

09:20, 17 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык окуучулар Ташкентте өткөн информатика боюнча 38-эл аралык олимпиадада (IOI 2026) эң мыкты жыйынчык көрсөтүштү. Алар эки күмүш жана эки коло медаль багындырышканын Агартуу министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык окуучулары информатика боюнча олимпиадада байгелүү орундарга ээ болду

Олимпиадага 97 өлкөдөн 379 окуучу катышты.

Кыргызстандын атынан төрт катышуучу чыкты:

Рамазан Мананов, «Ambassador International School» эл аралык мектеби;

Алихан Айдарбеков, «Ambassador International School» эл аралык мектеби;

Абдуллахан Абдирасулов, «Ambassador International School» эл аралык мектеби;

Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектеби.

Кыргызстандын курама командасы 100 пайыздык медалдык жыйынчык көрсөтүп, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болду.

Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи. Агартуу министрлиги бул өлкөнүн IOI олимпиадасына катышуу тарыхындагы эң мыкты командалык жыйынчык экенин белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18