USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде «Корни» тобу ырдайт

08:06, 17 августа 2026, Бишкек - 24.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде орусиялык «Корни» тобу өнөрүн тартуулайт. Иш-чара 31-августта «Бишкек Аренада» өтөт.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде «Корни» тобу ырдайт

Чыгармачыл жамаат көрүүчүлөргө кайрылып, Кыргызстанга келерин кабарлады.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, ачылыш аземинде «Корни» тобунан тышкары шоу-бизнестин башка да жылдыздары чыгат. Анда белгилүү кыргызстандык жана чет элдик аткаруучулардын чыгуусу күтүлүүдө. Алардын ысымдары кийинчерээк жарыяланат.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттер сатыкка түштү. Билеттердин баасы секторго жана орунга жараша 5 миңден 9 миң сомго чейин турат. Аларды ticket.gov.kg расмий сайтынан сатып алууга болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18