USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

2026-жылкы Кыргызстандын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт

15:30, 14 августа 2026, Бишкек - 24.kg

19-августта Бишкек шаарындагы «Алга» спорт комплексинде 2026-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогу үчүн беттеш өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Суперкубок үчүн учурдагы өлкө чемпиону — Каракол шаарынан «Барс» футболдук клубу жана 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси — Бишкектин «Дордой» клубу күч сынашат. Беттеш саат 20:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Суперкубогу үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. «Дордой» клубу бул байгени 6 жолу жеңип алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18