USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

14:35, 14 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Борбор калаада жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын муниципалдык унаа жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөө 2026-жылдын 20-майынан 1-октябрына чейин, күн сайын саат 09:00дөн 19:00гө чейин, абанын температурасы +28 °C жана андан жогору болгон учурда күчүндө болот.

Бул чаралар жолдун асфальт-бетон жабуусун сактоо, анын мөөнөтүнөн мурда бузулушуна жол бербөө жана муниципалдык унаа жолдорунун пайдалануу мөөнөтүн узартуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Бишкек шаарынын мэриясы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын жана транспорттук компанияларды маршруттарды пландаштырууда белгиленген чектөөлөрдү эске алууга жана коюлган талаптарды сактоого чакырат.

Чектөөлөр күчүндө болгон мезгилде оор жүк ташуучу транспорттун кыймылын мүмкүн болушунча аба ырайынын температуралык режимин эске алуу менен алдын ала пландаштырып, сапарларды белгиленген убакыттан тышкары аткаруу сунушталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18