USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жети айда Ысык-Көлдөн 650 киллограмм таштанды чыгарылды

11:25, 14 августа 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан 24,3 миң метр синтетикалык тор жана 650 килограмм таштанды чыгарылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы үч күндүн ичинде гана, 11-августтан 13-августка чейин адистер 6,8 миң метр эски синтетикалык торду жана 140 килограмм таштандыны алып чыгышкан.

Бул иш-чаралар Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин азайтууга багытталганы белгиленет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18