USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Италиядагы ок-дары заводунда жардыруу болду

10:40, 14 августа 2026, Бишкек - 24.kg

Римге жакын жайгашкан Коллеферро шаарында ок-дарыларды чыгаруучу «KNDS Ammo Italy» ишканасында өрт чыгып, андан соң жардыруу орун алды.

Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, жардыруу ишканада өрт башталып, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр менен полиция келгенден кийин болгон. Болжолдуу түрдө, окуя порох басыла турган тилкеде катталган.

Италиядагы ок-дары заводунда жардыруу болду

Компаниядан билдиришкендей, жабыркагандар жок. Окуя болгон учурда завод жайкы каникулга жабык болгондуктан, аймакта аз сандагы гана кызматкерлер болгон.

Маалыматтарга ылайык, Веллетри прокуратурасы иликтөө иштерин баштады, анын ичинде өрттөө версиясы да каралууда. Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18