Кышка даярдык: Калаа башчысы «Бишкек ЖЭБдин» даярдыгын текшерди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасына барып, анын учурдагы ишмердүүлүгү жана күз-кышка даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мэр өндүрүштүк объектилердин техникалык абалын, ишканаларды отун менен камсыздоо жана оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү.
Көчмө жыйындын алкагында «Бишкек ЖЭБ» ишканасында кеңешме өткөрүлүп, негизги энергетикалык жабдууларды оңдоого, отун корун даярдоого, жылуулук тармактарынын абалына жана керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле шаар тургундарын жылуулук жана электр жарыгы менен туруктуу камсыз кылуу үчүн тиешелүү кызматтардын биргелешип иш алып баруусунун маанилүүлүгү белгиленди.


