Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша турганын билдирди
Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышып, экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюуга ниеттенип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал журналист Али Токтакуновго берген маегинде айтты.

«Мен дагы бир мөөнөткө талапкерлигимди коюп, жумушту улантууну көздөп жатам. Шайлоого дагы ким катышууну кааласа — талапкерлигин коё берсин. Эч кимди чектебейбиз», — деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү керек. Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоодо президент болуп шайланган. Расмий маалыматтар боюнча, БШК ага шайлоочулардын 79,2 пайызы добуш бергенин билдирген. Инаугурация аземи 2021-жылдын 28-январында өткөн.
